Меню
Эл-Сөздүк

Экологиялык адам укугу

ЭКОЛОГИЯЛЫК АДАМ УКУГУ – дүйнөлүк жана да улуттук деңгээлде экологиялык каатчылык туудурган абалдын курчушунан улам келип чыккан адамдын конституциялык укуктарынын бир түрү. Э. а. у-н конституциялык деңгээлде кеңири беките баштоо 1980-жылдардын аягында – 1990-жылдардын башында гана башталган. Э. а. у-на баарыдан мурда жагымдуу айлана-чөйрөгө ээ болуу укугу; экологиялык тартип бузуу аркылуу адамдын денсоолугу менен мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу укугу; жаратылыш чөйрөсүнүн абалы тууралуу таасын-так маалымат алуу укугу тийиштүү.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: